Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан
10 март

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Россия, Казакстан жана Кыргызстандагы азык-түлүккө болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү. 

Ведомствонун маалыматына караганда, мониторингтин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1-сорттогу бууудай уну (жергиликүү) 1,4 %, өсүмдүк майы 1,4 %, төмөндөсө, сабиз 8,7 %, пияз 2,6 %, картошка 1,6% жогорулаган. 

Ал эми Казакстанда нан азыктары 1,4 %, өсүмдүк майы 1,9 %, жогоруласа, картошка 2,8 %, төмөндөгөн.                                                                          

Россияда сабиздин баасы 0,1 % жогоруласа, картошка 2,9 %, кумшекер 1,5 %, жергиликтүү 1-сорттогу буудай 1,6 % төмөндөгөнү байкалган.