
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү
2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7717 тоннага же 2,1 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарба малдын көбөйүшү менен байланыштуу.