Адылбек Касымалиев: Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык
Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык. Бул тууралуу мнистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземинде билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстан түшүнүктүү эрежелерди, сапаттуу колдоону жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздайт.
"Сиздердин ийгилигиңиздер – бул биз үчүн жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өсүш экенин түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасы жогорку темптерди көрсөтүүдө: 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1%ды түздү, ал эми акыркы төрт жылдагы орточо реалдуу өсүш 10,2%га жетти. «Тамчы» бул өнүгүүгө жаңы импульс берүүчү фактор болуп калат. Урматтуу инвесторлор, бакубаттуулуктун негизи – биримдикте. Келиңиздер, биргеликте ийгиликтерге жетишели. «Тамчыга» кош келиңиздер!» – деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.
