Кыргызстанда легалдаштырылган автоунааларды пайдаланууга чектөөлөр бар экендиги эскертилди
11 сентябрь

Кыргызстанда легалдаштырылган автоунааларды пайдаланууга чектөөлөр бар экендиги эскертилди

Кыргызстанда легалдаштырылган автоунааларды пайдаланууга чектөөлөр бар экендиги эскертилди.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, социалдык тармактарда жана жарнамалык пабликтерде Кыргызстандын 10-регион болуп легалдаштырылган автотранспорт каражаттарын ишеним кат аркылуу кайтадан катоо мүмүкүнчүлүгү бар экендиги тууралуу так эмес маалыматтар таралууда.

Транспорт каражаттары менен мыйзамсыз бүтүмдөрдүн алдын алуу жана укук тар-тибин камсыз кылуу максатында КР МинКаб 2025-жылдын 21-июлунда №435 токтомуна кол койду «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт каражатта-рын каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

Токтомдун 2-пунктуна ылайык, Убактылуу тартипте легалдаштырылган автотранс-порт каражаттарын ээликтен ажыратууга, өлкөдөн тышка чыгарууга жана башка адамдар-га башкаруу укугун өткөрүүгө тыюу салынат. 

Бул чектөөлөргө байланыштуу маалымат электрондук базага киргизилип, ар кандай каттоо жана регистрация иштеринде текшерилет.

КР ЭКМ жарандарды эскертет: Убактылуу тартип менен легалдаштырылган авто-транспорт каражаттары ээликтен ажыратууга (сатып алуу-сатуу, алмаштыруу, белек кы-луу, тартуулоо, мураска калтыруу), өлкөдөн тышка чыгарууга, башкаруу укугун үчүнчү жактарга ишеним кат аркылуу өткөрүүгө жатпайт.

Жогорудагы бүтүмдөрдү жасоого чакырган же сунуш кылган жеке адамдардын ара-кеттери мыйзамсыз болуп эсептелет.