Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өскөн
Экономика министрлиги
4 июнь

Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өскөн

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Ala-Too Trade & Industry Expo 2026» эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында сүйлөп жатып, ШКУ бүгүн дүйнөлүк ИДПнын 35 пайызын түзгөн ири экономикалык мейкиндик экенин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө өнөр жай кооперациясын, инвестицияларды жана биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ.

Министр көргөзмөгө ШКУ өлкөлөрүнүн 90дон ашуун ири өнөр жай компаниясы катышып жатканын белгилеп, бул аянтча бизнес, мамлекет жана инвесторлор ортосундагы түз диалог үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Ошондой эле көргөзмөнүн жыйынтыгында жаңы өнөктөштүктөр түзүлүп, инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, экспорттук мүмкүнчүлүктөр кеңейет деген ишенимин билдирди.