Шаньдунь бизнеси Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорго кызыгууда
Соода-өнөр жай палатасы
12 май

Шаньдунь бизнеси Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорго кызыгууда

Бишкекте Шаньдунь провинциясынан келген ири компаниялардын өкүлдөрү менен кыргызстандык ишкерлердин презентациялары жана B2B жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул иш-чара КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевнин Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын уландысы болду. Аталган сапардын алкагында экономикалык кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлуп, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылган.

Кытай тараптан логистика, курулуш, машина куруу, энергетика, фармацевтика, курулуш материалдарын өндүрүү, текстиль өнөр жайы жана башка тармактардагы ири ишканалардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин ортосунда түз B2B сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүштү локалдаштыруу, продукция жеткирүү жана технология алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү жана кыргызстандык ишкерлер өз презентацияларын сунушташты. СӨП алдындагы Жашыл энергетика комитетинин төрайымы Кундус Кырбашева Кыргызстандагы кайра жаралуучу энергия булактарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ал эми курулуш тармагынын өкүлдөрү өлкөдөгү ири долбоорлор жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу өзүнчө презентация менен Темир Сариев чыгып сүйлөп, бүгүнкү күндө Кыргызстан инвестицияларга, технологияларга жана узак мөөнөттүү эл аралык өнөктөштүккө ачык экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, түз ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти.