Компаниялардын бенефициардык ээлерин жашыргандарга 300 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда
Кыргызстанда юридикалык жактардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматты жашырган же ачыкка чыгарган эмес жактарга карата өзүнчө жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Тиешелүү түзөтүүлөрдү Финансы министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Долбоорго ылайык, айып пулдун өлчөмү 3 миң эсептик көрсөткүчкө чейин, башкача айтканда, 300 миң сомго чейин жетет.
Министрликтин маалыматына караганда, учурдагы мыйзамдарда компаниялардын акыркы чыныгы ээлери тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жетиштүү деңгээлдеги жана мындай аракеттерди токтотууга багытталган чаралар каралган эмес.
Ошондой эле жоопкерчиликти өзүнчө бөлүштүрүү сунушталууда. Маалыматты өз убагында бербөө өзүнчө укук бузуу катары каралса, бенефициарлар жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү үчүн кыйла катаал жаза колдонуу сунушталууда.
Ведомствонун пикиринде, олуттуу өлчөмдөгү айып пулдар бизнестин чыныгы ээлерин жашырууну экономикалык жактан пайдасыз кылып, юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатат.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ошондой эле бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу жаатында ФАТФтын талаптарын аткарууга байланыштуу.
