КРнын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөтүлдү
Салык кызматы КРнын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөтүлгөнүн маалымдайт.
Тактап айтканда, КРнын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
Мындан тышкары, эгерде бул субъекттер жалпы салык режимин колдонууга укуктуу болсо, анда 2026-жылдын 1-январынан тартып алар бир гана бирдиктүү салык режиминин алкагында иш жүргүзө алышат.
Чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткан салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү тууралуу арыз тапшырууга милдеттүү.
Бул учурда көрсөтүлгөн салык режимине ылайык салыктарды төлөө арыз берилген күнүнө карабастан, белгиленген мөөнөттүн чегинде 2026-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт.
