Бишкекке Шаньдунь провинциясынын ири компаниялары келди
12 май

Бишкекке Шаньдунь провинциясынын ири компаниялары келди

Кыргызстанга Шаньдунь провинциясынан 17 ири компаниянын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Делегациянын курамында логистика, машина куруу, жабдуулар жана запастык бөлүктөр, металл буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү, жеңил жана текстиль өнөр жайы, фармацевтика жана медициналык жабдуулар, ветеринардык жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү, энергетика жана башка тармактарды өкүлдөгөн ири ишканалардын жетекчилери бар.

Делегация менен КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жолугушту.

Кытай тараптын бул сапары Темир Сариевдин Шаньдунь провинциясына болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстан менен Кытайдын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Кытай тарап кыргызстандык бизнес менен кызматташууга, тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.

Темир Сариев белгилегендей, кытайлык өнөктөштөр менен кызматташтык инвестиция тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана Кыргызстандын негизги экономикалык тармактарын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.