STI-161 отчетун толтуруу боюнча жаңыртылган электрондук жардамчы ишке киргизилет
Мамлекеттик салык кызматы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (STI-161) толтуруу үчүн электрондук жардамчынын жаңыртылган версиясын ишке киргизет.
Жаңыланган электрондук жардамчы 2025-жылдын 5-мартынан тартып иштей баштайт жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде гана жеткиликтүү болот. Түзүлгөн отчетту жардамчыдан чыкпай эле дароо салык органдарына текшерүүгө жөнөтсө болот. Бул кызмат отчетту жөнөтүү үчүн салык төлөөчүнүн кабинетине XML файлды өзүнчө жүктөө зарылдыгын жокко чыгарат.
STI-161 отчетун толтуруу боюнча жардамчыны жаңыртуу электрондук салык кызматтарын оптималдаштыруунун жана жакшыртуунун алкагында салык төлөөчүлөрдүн онлайн куралдарды колдонуусун ыңгайлаштыруу үчүн жүргүзүлүп жатат. Бул отчет берүү процессин кыйла жеңилдетет.
