“Бала-Саруу” ГЭСи жети айдын жыйынтыгы боюнча 74 млн.кВт.саат электр энергиясын өндүрүп чыкты
7 август

“Бала-Саруу” ГЭСи жети айдын жыйынтыгы боюнча 74 млн.кВт.саат электр энергиясын өндүрүп чыкты

Кыргыз Республкиасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Таласка болгон иш сапарынын алкагында "Бала-Саруу" чакан ГЭСнин учурдагы иштөө абалы менен таанышты.

“Бала-Саруу” ГЭСи Талас облусунун Киров суу сактагычында жайгашкан, жалпы кубаттуулугу 25 МВтты түзөт. Учурда Бала-Саруу ГЭСинин 3 гидроагрегаты тең толук иштеп, бүгүнкү күнгө электр энергиясынын суткалык өндүрүшү 300миң кВт.саатты түзөт. Жети айдын жыйынтыгы боюнча 74 млн. кВт.саат электр энергиясы өндүрүлүп, 2025-жылга коюлган 80 млн. кВт.сааттын 92,5% аткарууга жетишти.

Учурда Бала-Саруу ГЭСи Талас облсунун үч районуна караштуу 30минден ашуун калкын электр энергиясы менен камсыз кылууда.

Министр ГЭСтин активдүү иштеп жатканына күбө болуп, алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.