Соцфонд жыл башынан бери 36 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди
7 август

Соцфонд жыл башынан бери 36 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди

Социалдык фонд 2025-жылдын январь-июль айларында 36 267 жаранга пенсия чектеди.

Фонддон кабарлашкандай, анын ичинде июль айында:

  • 3705 жаранга пенсия чектелди
  • 1307 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).

Пенсия тууралуу суроолорго жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылсаңыз болот.