Баткенде күрүчтү кайра иштетип, таңгактоочу ишкана ачылды
7 август

Баткенде күрүчтү кайра иштетип, таңгактоочу ишкана ачылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна болгон иш сапары алкагында Миң-Чынар айылында “Ак-Турпак Групп” күрүчтү кайра иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана 0,15 га аянтта жайгашкан. Объектинин курулушу “Бүткүл Дүйнөлүк Банк” тарабынан, АРИС уюмунун колдоосу, “Аймактык экономикалык өнүктүрүү-2” долбоорунун жеңилдетилген насыясы аркылуу каржыланган. Ишкана саатына 1,2 тонна күрүчтү тазалайт. Материалдык-техникалык базасында күрүчтү оруучу 1 комбайн, 2 трактор, 2 портер жана 2 таңгактоочу станок, 1 күрүчтү тазалоочу станогу (риса рушка) бар.

Белгилей кетсек, Ак-Турпак, Молдо Нияз айыл аймактарында жыл сайын 3200 га жер аянтынан 12,2 тн. га жакын күрүч өндүрүлөт. Ал эми мындан ары ишкана тарабынан күрүчтү таңгактап, экспортко чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.