Сомдун курсуна эмне таасир этет?
Кыргызстанда өзгөрүлмө курс режими иштейт. Бул сомдун наркы рыноктук факторлордун таасири менен түзүлө турганын билдирет, деди Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев.
Анын айтуусуна караганда, улуттук валютанын курсуна негизинен тышкы экономикалык факторлор таасир этет. Аларга экспорт-импорт алакасы, акча которуулардын көлөмү, гранттар менен насыялардын келиши жана соода өнөктөштөрүнүн экономикалык абалы кирет. Ошондой эле геосаясий кырдаал дагы маанилүү роль ойнойт. Анткени ал капиталдын агымына жана чет элдик валютага болгон суроо-талапка таасир эте алат.
"Мындан тышкары, ички факторлор да бар. Маселен, каржылык рыноктун катышуучуларынын ишеним деңгээли, экономикалык агенттердин күтүүлөрү жана сезондук өзгөрүүлөр. Адатта жыл башында жана аягында чет элдик валютаны сатып алуу үчүн суроо-талап өсөт, ал эми жаз-жай мезгилинде, туристтик сезонго байланыштуу, тескерисинче, чет элдик валютаны сатуу сунушу көбөйөт", - деди ал.
Төрага Улуттук банк тышкы каржылык рынокторго да, ички валюталык рынокко да тыкыр байкоо салып турарын кошумчалады.
"Зарыл учурда сомдун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөбүз. Бизде курстун кескин өзгөрүүлөрүн жеңилдетүү жана сомго болгон ишенимди сактоо үчүн жетиштүү ресурстар жана инструменттер бар. Мындан сырткары, биз эл аралык каржылык уюмдар менен активдүү кызматташабыз. Бул тышкы жана ички чакырыктарга жооп кайтарууга өбөлгө түзөт", - деди ал.
