Айыл чарба министрлиги дыйкандарды сафлордун түшүмүн көбөйтүүгө чакырды
15 июль

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды сафлордун түшүмүн көбөйтүүгө чакырды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкан-фермерлерге сафлор өсүмдүгүн өстүрүүнү сунуштайт. Бул сунуш аталган өсүмдүктүн жогорку экономикалык натыйжалуулугуна, кургакчылыкка туруктуулугуна, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана асылдуулугу төмөн жайыт жерлеринде өстүрүү мүмкүнчүлүгүнө негизделген.

Сафлорду өстүрүү өлкөдө айыл чарба продукциясын диверсификациялоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга салым кошот. Климаттын өзгөрүшү шартында бул айыл чарба өсүмдүгү минималдуу сугаруунун эсебинен туруктуу түшүм алуунун рационалдуу агротехникалык чечими болуп эсептелет.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында сафлор 9 804 гектар аянтка эгилген, андан 10 667,6 тонна түшүм жыйналган. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 10,9 центнерди түздү.

Сафлордун майлуулугу жогору – сорттон көз каранды 30–40% га чейин жетет. Сафлор майы ашкана, дары-дармек жана косметология тармактарында кеңири колдонулат, анткени ал курамында каныкпаган май кислоталары жана биологиялык пайдалуу заттар бар.

Майды сыгуудан кийин калган калдык(жмых) малга белокко бай тоют катары колдонулат.

Министрлик дыйкандарды сафлордун түшүмүн келечектүү жана туруктуу өсүмдүк катары, анын ичинде асылдуулугу төмөн жайыттарда кеңейтүүнү карап чыгууга чакырат. Бул жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.