Кыргызстан дүйнөлүк суу-мотор спорту коомчулугу менен кызматташтыгын расмий бекемдеди
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Эл аралык суу-мотор спорту союзу — Union Internationale Motonautique (UIM) суу-мотор спорту, окуялык туризм жана эл аралык спорттук иш-чаралардыөнүктүрүү жаатында кызматташууну кеңейтүүгөбагытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документте тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында суу-мотор спорту боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн биргелешип изилдөө ниетин билдиришет. Анын ичинде UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этаптарынын бирин өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралууда.
Меморандумдун алкагында тараптар өлкөдө суу-мотор спортун өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигинбилдиришти. Анын ичинде улуттук федерация түзүү демилгесин колдоо маселеси да камтылган.
Белгиленгендей, Ысык-Көлдүн табигый жана климаттыкөзгөчөлүктөрү жогорку деңгээлдеги эл аралык мелдештердиөткөрүү үчүн абдан ылайыктуу шарттарды түзөт.
Меморандумга кол коюу эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасын ири спорттук жана туристтик иш-чараларды өткөрүү үчүн келечектүү аянтчакатары дүйнөгө таанытууга багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.
