Бала-Саруу ГЭСинде жыл башынан тарта 77 млн. кВт саат электр энергия өндүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн электр энергия менен камсыздоосун жакшыртуу боюнча активдүү иштерди улантууда.
Ведомстводон кабарлашкандай, бул аракеттердин алкагында Бала-Саруу ГЭС штаттык режимде ийгиликтүү иштеп жатат.
Он айдын жыйынтыгы боюнча пландаштырылган 75,1 млн кВт.сааттын ордуна станция 77 млн кВт.саат электр энергиясын өндүрдү.
Станциянын адистери агрегаттардын иштешин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, гидротехникалык объекттердин параметрлерин текшерип турушат. Гидроэлектростанция туруктуу иштеп, технологикалык процесстер эч кандай үзгүлтүксүз иштөөдө.
«Чакан ГЭС» ААК Бала-Саруу ГЭСтин жогорку техникалык коопсуздугун камсыздоону жана үзгүлтүксүз эксплуатациясын улантат.
