КР СӨП Кытай жана Амстердамдагы жаңы өкүлдөрүн бекитти
КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) кезектеги президиумунда жаңы 56 мүчө кабыл алынып, чет элдик өкүлдөр бекитилди. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президиум төмөнкү эки чет элдик өкүлдү дайындоону бекитти:
- Сунь Чэнь – Синьцзян-Уйгур автономиялуу району (Кашгар, Кытай);
- Орозов Ильяс Алмазбекович – Германия Федеративдик Республикасы (Дрезден) жана Нидерланды Королдугу (Амстердам).
Бул чечим Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык кызматташтыгын бекемдеп, кыргыз ишкерлигинин чет өлкөлөр менен байланыштарын кеңейтүүгө жана өлкөгө инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.
Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанда да, анын чегинен тышкары да ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып барууну улантууда.
