Жыл башынан бери Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 9$,4 млн түздү
WWW
20 июль

Жыл башынан бери Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 9$,4 млн түздү

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 9,4 млн долларды түздү.

2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу товар жүгүртүү 30,5%га азайып, 13,5 млн доллардан 9,4 млн долларга төмөндөдү.

Кыргызстан Африка өлкөлөрүнө 4,46 млн долларлык товар экспорттоду. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 19,6%га аз. Ошол эле учурда импорт дагы кыйла кыскарып, 38%га төмөндөп, 4,94 млн долларды түздү.

Натыйжада экспорт менен импорттун көлөмү дээрлик теңелди. Кыргызстандын терс соода балансы болгону 471,9 миң долларды түздү. Ал эми өткөн жылы импорт менен экспорттун айырмасы 2,4 млн доллардан ашык болгон.

Африка континентиндеги Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп Кения (2,95 млн долларлык товар жүгүртүү), Египет (2,2 млн доллар), Того (1,26 млн доллар) жана Судан (1,09 млн доллар) саналат.

Ошону менен катар Того, Судан, Бурунди, Эритрея, Эфиопия жана Мали менен болгон соодада Кыргызстан оң соода балансына жетишкен.