Кыргызстандын органик фермерлери Монголиядан келген "SFCS" эл аралык сертификациялык компаниясы менен жолугушууда
22 сентябрь

Кыргызстандын органик фермерлери Монголиядан келген "SFCS" эл аралык сертификациялык компаниясы менен жолугушууда

Бүгүн, 22-сентябрда Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинде SFCS эл аралык сертификациялык компаниясынын жетекчилиги жана негиздөөчүлөрү Кыргызстандын аймактарынан келген органикалык фермерлер менен жолугушуу өткөрүшүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү багыттар талкууланды:

  • SFCS компаниясынын презентациясы
  • Кыргызстандагы тажрыйба жана ийгиликтүү сертификаттоо учурлары
  • Кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөр
  • Эл аралык өнөктөштүк рынокторунун келечеги

Жолугушууга органикалык өндүрүш тармагында ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан бир катар чарбалар катышты, алардын арасында:

  • Органикалык жер семирткичтерди өндүрүүчү «K Agro»
  • Улуттук суусундук өндүрүүчүсү «Алайку Органик» ЖЧКна өткөөл мезгилдин сертификатын тапшыруу
  • Мөмө-жемиш питомниги жана багбанчылык чарбасы «Узак Групп» ЖЧКна өткөөл мезгилдин сертификатын тапшыруу

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында расмий сертификат тапшыруу аземи өтүп, органикалык айыл чарба багытында иштеген аудитторлорго SFCS эл аралык сертификаттары ыйгарылды.

SFCS менен жигердүү эл аралык кызматташуу Бишкекте 2024-жылы өткөн Органикалык Регионалдык Форумга даярданууда жана аны өткөрүүдө башталган.