Лейлекте полиэтилен түтүк чыгаруучу ишкана саатына 100 кг продукция өндүрөт
7 август

Лейлекте полиэтилен түтүк чыгаруучу ишкана саатына 100 кг продукция өндүрөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресусртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун, Коргон айылында жайгашкан “Лейлек Пласт” муниципалдык менчиктеги полиэтилен түтүк чыгаруучу ишканасынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Ишкананын аянты 500 кв.м, Лейлек райондук өнүктүрүү фонду менен жергиликтүү бюджет эсебинен жана жеке ишкердин кошумча өз салымы аркылуу каржыланып, полиэтилен түтүк чыгаруучу станоктор сатып алынып, станоктор орнотулган имарат капиталдык ондоодон өткөрүлгөн.

Кубаттуулугу саатына 100 килограм өндүрө алат. Диаметри 15мм дан 160мм га чейин түтүктөр чыгарылат.

Жолугушунун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев район жетекчилигине ишканада боло турган маселелерди карап чечүү жана ар тараптан көмөк көрсөтүп туруу боюнча  тапшырмаларды берди.