Кыргызстанда мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин көлөмү 27,5 млрд сомго жетти
2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандын коммерциялык банктарында жана кредиттик уюмдарында мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин көлөмү 27 млрд 474,1 млн сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин «Кыргыз Республикасынын экономикасынын финансылык секторундагы ишканалардын ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү» аттуу статистикалык бюллетениндеги маалыматка ылайык, бул жалпы кредит портфелинин болжол менен 4,1%ын түзөт.
Коммерциялык банктарда мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин көлөмү 20 млрд 322,3 млн сомго жеткен. Бул банктардын жалпы кредит портфелинин болжол менен 3,4%ына барабар.
Ал эми кредиттик уюмдарда мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын көлөмү 7 млрд 151,8 млн сомду, же алардын кредит портфелинин болжол менен 9,5%ын түзгөн.
Ошол эле учурда мөөнөтү өтө элек, учурдагы кредиттердин жалпы көлөмү дээрлик 650 млрд сомду түздү. Анын ичинен 581 млрд 644,2 млн сому коммерциялык банктарга, ал эми 68 млрд 321,2 млн сому кредиттик уюмдарга туура келет.
