Башкы консул Жеңишбек Асанкулов Шымкент шаарынын акими менен жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен 2025-жылдын 13-февралында Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында Башкы консул Жеңишбек Асанкулов Казакстан Республикасынын Шымкент шаарынын акими Габит Сыздыкбеков менен жолугушуу өткөрдү.
Өткөн жолугушууда тараптар ар түрдүү тармактарда (соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта), анын ичинде Шымкент шаарында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча, ошондой эле региондор аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө умтулууларын билдиришти.
Мындан тышкары Башкы консул Ж.Асанкулов өз ара инвестицияларды тартууга жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурду, бул багытта өз ара бизнес-миссияларды уюштурууну сунуштады, ошондой эле ишкерлер тарабынан Шымкент шаарынын аймагында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын кеңири ассортименти сунуштала турган соода үйүн ачууга кызыкдар экендигин белгиледи жана Ош шаарында Казакстан Республикасынын ушул сыяктуу соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Жолугушуунун соңунда Башкы консул Ж.Асанкулов шаарлар ортосундагы өз ара аймактык кызматташууну активдештирүү үчүн 2023-жылы Шымкент шаары менен Ош шаарынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында 2025-2028-жылдарга биргелешкен Жол картасын иштеп чыгуу жана кол коюу сунуштарын билдирди.
