Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча борбор ачылды
11 сентябрь

Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча борбор ачылды

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасынын базасында 10-сентябрда Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул борбор Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөн өндүрүүчү инфраструктурасын түзүүгө көмөктөшүү боюнча эл аралык долбоордун алкагында, Корея Республикасынын колдоосу менен түзүлдү.

Долбоордун максаты — жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, өлкөнү туруктуу үрөн менен камсыз кылуу системасын түзүү, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана агрардык тармакта дуалдык билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү.

Борбордун ачылышы өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Бул борбор аркылуу жогорку квалификациялуу адистер даярдалып, илимий изилдөөлөр өнүгүп, дыйкандар сапаттуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн үрөн менен камсыз болот.