Кадамжайда таш майдалоочу жана бетон заводу ишке берилди
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ишкананын ачылуу аземине облус башчысы Айбек Шаменов катышып, өндүрүш ишканасынын ачылышы,аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө болсун деген каалоо тилектерин билдирди.
Жетекчилер заводдун ишине старт беришти.
Муниципалдык ишкана суроо талапка жараша толук кандуу кубаттуулукта иштеген учурда, күнүнө 60 тонна шагал, 1000 м3 бетон аралашмасын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 32 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом жумшалган.
Натыйжада 10 жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке киреше болот.
