Кыргыз Республикасы менен Жапония ЧОИни өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык кызматташтыктын жаңы этабына өтүүдө
20 июль

Кыргыз Республикасы менен Жапония ЧОИни өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык кызматташтыктын жаңы этабына өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын Жапонияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Токиодо Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Экономикалык өнүгүү департаментинин башкы директору Саито Микия мырза жетектеген жетекчилик менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) кеңири колдоонун жаңы этабына арналды.

Беназир Нурланова JICAнын жана Кыргыз-япон борборунун (KRJC) аймактардагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, бизнес-билим берүү менен мамлекеттик субсидияланган кредиттердин айкалышы ишкерлерди колдоодо олуттуу натыйжа берерин белгиледи. Ошондой эле KRJCнин аймактардагы окутуу программаларына өзгөчө көңүл буруусу Министрлик жооптуу болгон аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат менен шайкеш келери белгиленди.

Беназир Нурланова «Бир айыл – бир продукт» (БАБП) долбоорунун ийгилигин белгилеп, анын мыкты тажрыйбаларын институционалдаштыруу жана ишкердикти колдоонун бирдиктүү экономикалык саясатына интеграциялоо пландалып жатканын айтты.

Кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири катары Кыргыз Республикасынын Кепилдик фондунун базасында кредиттик-кепилдик системасы боюнча Жапониянын алдыңкы тажрыйбасын киргизүү каралууда. Бул бизнес үчүн туруктуу каржылоону камсыздоого багытталган.

Жолугушууда ошондой эле Министрликтин «ЧОИ-Хабын» түзүү боюнча негизги демилгеси талкууланды. Мындай бирдиктүү экосистема билим берүү аянтчасын, өндүрүштүк-логистикалык базаны жана «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштеген Ишкерлерди тейлөө борборун бириктирет.

Жапон тарап ишкердик субъекттерин колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты колдой турганын билдирип, ЧОИни өнүктүрүүгө багытталган программаларды биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чакан жана орто ишкердикти колдоонун финансылык жана финансылык эмес инструменттерин айкалыштырган техникалык кызматташтыктын жаңы долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.