Түркия менен Кыргызстандын энергетика министрлери эки тараптуу жолугушуу өткөрдү
12 декабрь

Түркия менен Кыргызстандын энергетика министрлери эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2025-жылдын 9-декабрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон иш сапарынын алкагында, Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар мырза менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар, биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу жана бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Анда Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ишке ашыруу мерчемделген “Борбордук Азия-Азербайжан жашыл энергетика коридору (Каспий)” долбоору, Кыргызыстанда “Технологиялар жана жашыл демилгелер боюнча аймактык борборду түзүү” демилгеси, кубаттуулугу 1305 МВт, жылдык өндүрүшү 3317 млрд кВт/саат Казарман ГЭС каскады жана кубаттуулугу 1305 МВт, жылдык өндүрүшү 3317 млрд кВт/саатты түзгөн Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадынын долбоорлору талкууланды.

Өз кезегинде Министр Таалайбек Ибраев Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактары – гидроэнергетика, күн, шамал, биоресурстар чөйрөсүндө зор потенциалга ээ экендигин баса белгиледи.

Ошону менен бирге министр Т.Ибраев кыргыз көмүрүнүн сапатынын жогору экенине токтолуп, Түркия мамлекети менен көмүр тармагында кызматташуу боюнча сунушун билдирди.

Бул сунушка Алпарслан Байрактар мырза чындап эле мындай жогору сапаттагы көмүр запасы Кыргызстанда бар экендигин билбегенин айтып, алдыда ушул маселе боюнча логистика жагынан пайдалуу болсо бул тармакта дагы кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар, бири-бирине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындар ары кызматташууну тереңдетүүгө багыт алышты.