Бишкекте жыл башынан бери 17,8 миң акылдуу эсептегичтер орнотулду
Энергетика тармагындагы реформанын жана санариптештирүүнүн алкагында Бишкек электр тармактар ишканасы – «КУЭТ» ААКнын филиалы тарабынан АСКУЭ (Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму) эсептегичтери орнотулууда.
АСКУЭ эсептегичтерин орнотуунун негизги максаты – электр энергиясын бөлүштүрүүнү, көзөмөлдөөнү жана эсепке алууну натыйжалуу жүргүзүү.
Жыл башынан бери энергетиктер Бишкектин районунда 17872 акылдуу эсептегич орнотушту.
Алардын ичинде:
- Ленин району – 6525 даана
- Свердлов району – 3284 даана
- Первомай району – 8115 даана
Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 2025-жылы 28000 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Калганы жыл аягына чейин орнотулат.
Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:
- көрсөткүчтөрдү реалдуу убакыт режиминде серверге автоматтык түрдө өткөрүп берет;
- керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
- дебитордук карыз болгон учурда автоматтык түрдө өчүрүп, төлөгөндөн кийин кайра автоматтык түрдө күйгүзөт;
- эсептегичке тыштан кийлигишүү аракети болгон учурда дароо кабар берет;
- жеткирилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
- электр энергиясын уурдоонун коркунучтарын азайтат жана контролёр менен керектөөчүнүн түз байланышына муктаждыкты азайтуу аркылуу адам факторун жокко чыгарат;
- электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт.
