Нарын облусунун ар бир районунда азык-түлүк жарманкеси өттү
3 февраль

Нарын облусунун ар бир районунда азык-түлүк жарманкеси өттү

Нарын облусунун ар бир районунда 2-февралда азык-түлүк жарманкеси өттү, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. 

Иш-чара төмөнкү жайларда уюштурулду:

  • Нарын шаарынын борбордук аянтында,
  • Ак-Талаа районунун Баетов айылынын борбордук аянтында,
  • Ат-Башы районунун Дордой мал базарында,
  • Кочкор районунун Кочкор айылынын борбордук аянтында,
  • Жумгал районунун Чаек айылынын борбордук аянтында.

Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөр түрдүү эт, сүт азыктарын, жер-жемиштерин, жашылчаларын жана башка товарлардын кеңири ассортиментин сунуштады.

Жарманке азык-түлүк чыгарган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, ишкерлерди колдоо максатында уюштурулду.