Баткен облусунун аймагында айыл чарба жарманкелери өтүүдө
Баткен облусунун район-шаар, айыл аймактарында айыл чарба жарманкелери өтүп жатат, деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.
Башкы максат азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат.
Бул өнөктүк аймактарда азык-түлүк бааларын турукташтыруу жана калкты жеткиликтүү баадагы айыл чарба продукциялары менен камсыздоо боюнча министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык уюштурулууда.
Жарманкеде жергиликтүү дыйкан фермерлер, багбандар жана ишкерлер өндүргөн продукциясын ортомчусуз түз сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.
Ал эми тургундар, базар баасынан арзан, экологиялык жактан таза, сапаттуу азык түлүктөрдү сатып алуусуна шарт түзүлүүдө.
