«Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды
Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. Анын айтымында аталган мыйзам долбоорунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты, жөнгө салууну, лицензиялоону иштеп чыгуу жана ишке ашыруу бөлүгүндө ыйгарым укуктарды Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү жолу менен виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
– Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдарынын чегинде реалдуу активдер менен камсыз кылынган стейблкоиндерди, токендерди (Real World Asset Tokens, RWA-токендер) чыгаруу жана жүгүртүү үчүн укуктук шарттарды түзүү;
– Санариптик экономикада активдүү катышуучу жана технологиялык инновациялардын драйвери катары мамлекеттин ролун күчөтүүгө өлкөнүн стратегиялык багытын чагылдырган «мамлекеттик майнинг» жана «мамлекеттик криптовалюта резерви» түшүнүктөрүн киргизүү;
– Инвесторлорду алдамчылыктан коргоо, камсыздалган активдерди гана, анын ичинде чет өлкөлүк валютада чыгаруу (эмиссия) жолу менен Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногунун туруктуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
– Виртуалдык активдер (жөнгө салуучу кум коргон) чөйрөсүндө инновациялык продуктуларды жана чечимдерди коопсуз тестирлөө үчүн укуктук негизди түзүү.
