Токтогул районунда форель икрасын өндүрүүчү цех курулууда
7 ноябрь

Токтогул районунда форель икрасын өндүрүүчү цех курулууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн тургуну, жеке ишкер Айдарбек Табалдиев, райондук өнүктүрүү фондуна форель балыгынын икрасын чыгаруучу цех куруу боюнча долбоор сунуштап, ал фонддун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылды.

Бул долбоорду ишке ашыруу максатында райондук өнүктүрүү фондунан 5 миллион сом бөлүнүп берилсе, ишкердин өздүк салымы 6 миллион сомду түздү. Ошентип, долбоордун жалпы наркы 11 миллион сом болду.

Форель балыгынын икрасын өндүрүүчү бул цех аймактагы жумуш орундарын түзүүгө, балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Долбоордун курулуш иштери учурда активдүү жүрүп жатат, ал эми цехти ишке киргизүү жана расмий ачуу аземи 2025-жылдын ноябрь айларына пландаштырылууда.

Аталган демилге райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга, жергиликтүү ишкерлерди колдоого багытталган ири кадамдардын бири болуп эсептелет.