Кыргызстанда күздүк ным топтоо сугаты башталды
22 сентябрь

Кыргызстанда күздүк ным топтоо сугаты башталды

Өлкө боюнча күзгү ным топтоо сугат иштери активдүү жүрүүдө, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.

Ведомствого караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан күзгү ным топтоо сугатында республика боюнча 220 миң гектар жерди сугаруу пландалууда. 

Бүгүнкү күндө күздүк ным топтоо сугатынын көлөмү 3,4 миң гектарга жетти. Ал эми күздүк себүү үчүн сугарылган аянттардын көлөмү 1,2 миң гектарды түздү. 

Күздүк ным топтоо сугатынын жүргүзүлүшү да айыл чарба аянттарындагы жердин ылдам курап кетишинин алдын алып, келечектеги экологиялык кырдаалдарга жана айыл чарба ишмердүүлүгүнө оң таасир тийгизет.

Айыл чарба ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун камсыздоо жана дыйкан фермерлердин ишмердигин колдоо үчүн бул иш-аракеттер республика боюнча айыл чарба секторунун өнүгүшүн камсыздайт.