Керималиева: ИДПнын болжолдуу өсүшү 1,2 триллиондон ашты
Кыргызстандын ИДПсы ушул жылдын январь-сентябрь айлары боюнча, алдын ала баалоонун негизинде 1 триллион 240 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, ИДПнын өсүшү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга көп.
“ИДПнын өсүшүндө көп үлүш товардык өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармагына туура келет. Өнөр жайдын үлүшү – 17 пайыз, айыл чарбаныкы – 9 пайыз, ал эми курулуштун үлүшү – 8 пайызга туура келет”, – деди Керималиева.
Ал белгилегендей, өнөр жай өндүрүмү ушул жылдын 9 айында 511 миллиард сомдон ашкан жана өткөн жылга салыштырмалуу 10,2 пайызга көбөйгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү фармацевтика, тамак-аш, резине, желим буюмдарынын, курулуш материалдарынын, кагаздан, жүндөн жасалган буюмдарынын чыгарылышы, кийим-кечек тигүүнүн көбөйүшү менен шартталган. Аны менен катар металлды өндүрүү көлөмү төмөндөгөн.
