Данияр Амангелдиев менен Кытайдын элчиси жолукту. Эмнени талкуулашты?
14 февраль

Данияр Амангелдиев менен Кытайдын элчиси жолукту. Эмнени талкуулашты?

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ДаниярАмангелдиев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лю Цзянпиндин жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын тарыхый маанисин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун кеңиричөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды тартуу, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана каржылык кызматташуу маселелеринталкуулашты.
 
Кыргызтарап эң жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, соода жүгүртүүнү жогорулатуу, соода жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүбоюнча далилдүү сунуштар айтылды.
 
Өз кезегинде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси кытай тараптын Кыргызстан менен артараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын ырастап, пландар ийгиликтүү ишке ашаарына ишенээрин билдирди.