сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
12 август
Кыргызстандын банктары жарым жылда 16,6 млрд сом таза киреше тапты
Кыргызстандын банк системасы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 16,6 млрд сом таза киреше алды.
Кыргызстандын коммерциялык банктары 2026-жылдын башынан бери 16 млрд 591 млн сом таза киреше алышты.
30-июнга карата өлкөдө 26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп жатат.
Алты банк улуттук жана чет өлкөлүк валютада ислам принциптерине негизделген каржылоо кызматтарын көрсөтүшкөн.
Ошол эле учурда банк секторунун кирешелүүлүк көрсөткүчтөрү өткөн жылдын аягына салыштырмалуу төмөндөгөн.
Активдердин кирешелүүлүгү (ROA) 2,3%ды түзүп, 2025-жылдын аягындагы 3,3%га салыштырмалуу азайган.
Капиталдын кирешелүүлүгү (ROE) 22%дан 14,4%га төмөндөгөн.
