Илимге инвестиция салган ишкерлерге салыктык жеңилдиктер жана инновациялык ваучерлер киргизүү пландалууда
Кыргызстанда илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга жеке инвестицияларды тартуу үчүн жаңы стимулдарды түзүү пландалууда.
Илимди өнүктүрүү концепциясында инвесторлорду салыктык жеңилдиктер жана инновациялык ваучерлер аркылуу колдоо механизмдерин иштеп чыгуу каралган.
Мындан тышкары, стартаптарды каржылоо жана илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу үчүн мамлекеттин катышуусунда венчурдук жана инновациялык фонддорду түзүү сунушталууда.
ЖОЖдор жана илимий уюмдар бизнес менен биргелешкен ишти күчөтүп, илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүгө жана технологияларды трансферттөөгө активдүү катышууга тийиш.
2040-жылга чейин бюджеттен тышкаркы, гранттык жана эл аралык каржылоонун көлөмүн илим тармагына бөлүнгөн жалпы каражаттын кеминде 20 пайызына жеткирүү пландалууда.
