Статком: Калктын реалдуу акчалай кирешелери 13%га көбөйдү
14 февраль

Статком: Калктын реалдуу акчалай кирешелери 13%га көбөйдү

Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 685  млрд. сомдон ашты жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 653,6 млрд. сомду түзүп, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13% көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 11 193 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйдү. Кирешелердин басымдуу бөлүгү (71,4%) эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелерди түздү.