Тармактык комитетте Социалдык фондунун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери каралды
23 декабрь

Тармактык комитетте Социалдык фондунун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери каралды

Бүгүн, 23-декабрдагы Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, мыйзам долбоору Социалдык фонддун кирешелеринин түзүлүшүнүн жана милдеттенмелеринин аткарылышынын финансылык планын тактоо максатында иштелип чыккан. Анын айтымында, Социалдык фонддун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 137 млрд 691 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 137 млрд 303 млн сом суммасында бекитилет.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине  караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырылды. Мыйзам долбоору менен тааныштырган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов маалымдагандай, аталган мыйзам долбоору менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында бекитүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Токтобүбү Ашымбаева пенсиялык камсыздоо системасын өркүндөтүү зарылдыгына көңүл бурушса, эл өкүлү Нуржамал Торобекова жашы жете элек балдарды социалдык жактан коргоо тутумун күчөтүү маселесин ортого салып, үй-бүлөлөрдү колдоо максатында 3 жашка чейинки бардык балдарга атайын жөлөкпул төлөп берүүнү сунуштады. Депутат Гүлнара Баатырова мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу маселелерине токтолуп, ошол эле учурда Баатыр энелер үчүн каралган жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады. Өз кезегинде эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү жана медициналык жабдууларды модернизациялоо маселелерин көтөрдү. Депутат Гүлжан Сатиева санавиация кызматын күчөтүү, анын алкагында реанимобилдердин санын көбөйтүү керектигин айтты.