МСК эскертет: салык отчетун өз убагында тапшыруу айып пулдардан сактайт
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө айыптык санкциялардын алдын алуу үчүн салыктык отчетторду өз убагында берүүнү эскертет.
Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө отчет тапшырбаса салык төлөөчүлөргө төмөнкүдөй айып пулдар салынат:
• жеке жактар үчүн — 1 000 сом;
• ишкерлер үчүн — 3 000 сом;
• юридикалык жактар үчүн — 7 000 сом;
• уюмдар жана жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын өз убагында бербегендиги үчүн — 7 000 сом.
Муну менен катар төмөнкү категориядагы жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү эмес:
• 0%, 0.1%, 0.5% жана 1% ставка менен бирдиктүү салык төлөгөндөр;
• патенттин негизинде ишкердик (ишкердик, эмгектик) жүргүзгөндөр;
• өзгөчө соода режими бар аймактарда иш жүргүзгөндөр;
• юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик чарбалар).
2025-жылдын 1-январынан тартып, мурдагы мезгилдерди кошо алганда, нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчетун тапшыруу милдеттүү эмес.
Салыктык санкциялар Салык кызматынын системасы тарабынан автоматтык түрдө эсептелип, мыйзам бузуулардын ар бир учуру үчүн салык төлөөчүнүн жеке эсебинде жазылат.
Белгиленген мөөнөттө отчет берүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда салык төлөөчү жеке кабинети аркылуу мөөнөттү 30 календардык күнгө узартуу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Арыз отчет тапшыруунун белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин берилиши керек.
Бул эрежелер ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринен товарды импорттоодо колдонулуучу кыйыр салыктар боюнча отчеттуулукка тиешеси жок.
Санкциялар төмөнкү учурларда колдонулбайт:
• Салыктык эмес төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча — алар башка мыйзамдар менен жөнгө салынат;
• Форс-мажор учурларында — санкцияларды жоюу Министрлер Кабинетинин чечими менен мүмкүн;
• Эгерде салык органы отчет тапшыруу мөөнөтүн расмий түрдө узарткан болсо.
Эскерте кетсек, отчет берүү мөөнөтүн узартуу салык төлөө мөөнөтүн өзгөртпөйт.
Салык кызматы бардык салык төлөөчүлөрдү кошумча финансылык чыгымдарды болтурбоо үчүн салык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга чакырат.
