Элчи Өмүрбек Текебаев менен Мекленбург-Төмөнкү Померания эмгек министри жолугушуусу болуп өттү
2025-жылдын 17-февралында Берлин шаарында Кыргыз Республикасы менен Германиянын Федералдык аймактарынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Мекленбург-Төмөнкү Померания Федералдык аймагынын Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министри Вольфганг Бланктын жолугушуусу болуп өттү.
Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Мекленбург-Төмөнкү Помераниянын ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсүн баса белгилеп, бардык кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө байланыштарды чыңдоо зарылдыгын белгиледи.
Министр В.Бланк Мекленбург-Төмөнкү Померания федералдык аймагынын Кыргызстан менен экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде квалификациялуу кадрларды даярдоо багытында кызматташууга кызыкдар экендиги жөнүндө билдирди.
Бул максатта жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Германия Федеративдүү Республикасынын Мекленбург-Төмөнкү Померания Федералдык аймагынын ортосунда Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин атынан кесиптик билим берүү тармагында кызматташууну активдештирүү ниети жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Тараптар Германияда кесиптик билим берүүнү ийгиликтүү аяктаган Кыргыз Республикасынын жаштары Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды активдештирүүгө салым кошуп жатканын белгилешти.
Маалымат үчүн: Мекленбург-Төмөнкү Померания Федералдык аймагынын экономиканын структурасы көп сандагы чакан жана орто ишканалар жана бир нече ири компаниялар менен мүнөздөлөт. Негизги өндүрүш тармактары - деңиз, машина куруу, унаа куруу, энергетикалык технологиялар, керектөө жана тамак-аш кайра иштетүү. Өнүгүп жаткан тармактарына биринчи кезекте алдыңкы технологиялар, атап айтканда биотехнология, медициналык технологиялар, аэрокосмостук жана маалымат технологиялары кирет. Туризм, тейлөө, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо да Мекленбург-Төмөнкү Помераниянын экономикасынын маанилүү тармактары болуп саналат.
