Кыргызстанда бизнес үчүн жеңилдетилген насыянын чеги 30 млн сомго чейин көбөйтүлүшү мүмкүн
12 ноябрь

Кыргызстанда бизнес үчүн жеңилдетилген насыянын чеги 30 млн сомго чейин көбөйтүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда аймактардагы ишкерлерге берилүүчү жеңилдетилген насыянын максималдуу суммасын 20 млн сомдон 30 млн сомго чейин жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Министрлер кабинетинин коомдук талкуусуна чыгарылды.

КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасын аймактык экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында иштелип чыккан.

Насыя берүү шарттарын кайра карап чыгуу зарылдыгы Мамлекеттик каржы холдингинин өкүлдөрүнүн ишкерлер менен өткөргөн жолугушууларынан кийин аныкталган. Ишкерлер насыянын көлөмүн көбөйтүүнү жана каржылануучу долбоорлордун тизмесин кеңейтүүнү сунушташкан.

Жеңилдетилген насыялар мейманканаларды, конок үйлөрүн, глэмпингдерди курууга, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө, өндүрүшкө, айыл чарбасына, саламаттык сактоого, билим берүүгө жана энергетика тармактарына берилет.

Ошондой эле соода борборлорун, СПА-комплекстерди, техникалык тейлөө станцияларын жана спорттук объектилерди куруу долбоорлорун каржылоо каралган.

Айыл чарба тармагында күнөсканаларды, канаттуулар фабрикаларын куруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана аквакультураны өнүктүрүү долбоорлору колдоого алынат.

Мындан тышкары, чакан ГЭСтерди жана күн энергетикасы объектилерин курууга да каражат бөлүү сунушталууда.

Ошол эле учурда ишкерлер өздүк салымын кошууга тийиш. Жаңы бизнес ачуу үчүн насыянын жалпы суммасынын кеминде 30 пайызы, ал эми иштеп жаткан ишкананы кеңейтүү үчүн 10 пайызы өлчөмүндө өздүк каражат талап кылынат.

Насыянын максималдуу мөөнөтү 10 жылды түзүп, анын ичинде 12 айга чейин жеңилдетилген мезгил каралат.

Ал эми барларды, бильярд залдарын, компьютердик клубдарды жана башка көңүл ачуучу жайларды каржылоого каражат берилбейт.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, сунушталган өзгөртүүлөр республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Каржылоо буга чейин бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.