Быйыл Кыргызстандан экспорттолгон мал-жандыктын саны кыйла азайды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетпешине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам, быйыл мал-жандыктын экспорту кыйла азайган.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы экспорттолду.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү кыйла жогору болгон. Тактап айтканда, 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой-эчки жана 5 113 жылкы сыртка чыгарылган.
Салыштырмалуу алганда:
- Ири мүйүздүү мал экспорту 47 414 башка азайган,
- Кой-эчкинин экспорту 38 611 башка кыскарган,
- Жылкы экспорту болсо 3 477 башка азайган.
.
