Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жана агрардык технологияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды
15 январь

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жана агрардык технологияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды

2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык «Indorama» компаниясынын директору, мырза Пракаш Кежривали менен жолугушуу өткөрдү.

Indorama компаниясы «Фергана Азот» ишканасынын башкы (энелик) компаниясы болуп саналат жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ири эл аралык өндүрүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Белгиленгендей, ата мекендик дыйкандардын жер семирткичтерге болгон муктаждыгы болжол менен 250 миң тоннаны түзөт.

Indorama компаниясынын өкүлдөрү кыргыз тарапка минералдык жер семирткичтерди жеткирүү толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө, үзгүлтүксүз жана кечиктирүүлөрсүз жүзөгө ашырыларын билдиришти. Бул жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында кызматташууну төмөнкү багыттарда кеңейтүүнүн келечеги талкууланды:

  • өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо үчүн биологиялык жана биохимиялык препараттарды өндүрүү жана колдонуу;
  • дыйкандарды заманбап агротехнологияларга жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын натыйжалуу пайдалануу ыкмаларына окутуу;
  • айыл чарба жерлерин жана жайыттарды чачуу жана себүү иштеринде учуучу аппараттарды (airtractor – жеңил учак) колдонуу.

Министр Бакыт Төрөбаев өлкөнүн агроөнөр жай комплексине инновациялык чечимдерди жана алдыңкы технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай кызматташтык түшүмдүүлүктү жогорулатууга, айыл чарбанын туруктуулугун камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Тараптар өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдирип, белгиленген багыттар боюнча практикалык кызматташууну улантууга макулдашышты.