ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди
2025-жылдын июлунда өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү Арменияда (0,8 пайыз), ал эми ЕАЭБдин калган мүчө-өлкөлөрүндө жогорулашы катталды.
Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашкандай, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,6 пайызга) белгиленди, бул баалардын кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин жогорулашына (1,3 пайызга) байланыштуу.
2025-жылдын июлунда 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (7,7 пайыз) Казакстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (8,4 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (5,3 пайызга) ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (9,2 пайызга) жогорулашы менен шартталган.
