Бажы кызматы менен ЕККУнун ортосундагы Кызматташуу планына кол коюлду
25 февраль

Бажы кызматы менен ЕККУнун ортосундагы Кызматташуу планына кол коюлду

Борбордук аппараттын имаратында күн мурун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Салиев менен ЕККУнун элчиси А. Роговдун ортосунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен ЕККУнун Программалык кеңсесинин ортосундагы Кызматташуу планына кол коюу аземи болуп өттү.

Бул документ алдыдагы 2025-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын алкагында эки тараптын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөдө жана өнөктөштүктү өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы ишмердүүлүгүнө, коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын институционалдык потенциалын чыңдоого байланышкан актуалдуу маселелерди ишке ашырууга координацияланган мамиленин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу туруктуулукту бекемдөөгө, экономикалык өсүштү илгерилетүүгө жана өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртууга жалпы умтулуунун алкагында өттү.

Планга киргизилген иш-чаралар коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн биргелешкен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилейт.