«Кыргыз темир жолу» УК» Минин жана Беларусь темир жолунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү
18 ноябрь

«Кыргыз темир жолу» УК» Минин жана Беларусь темир жолунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин жана Беларусь темир жолунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар инфраструктуралык долбоорлор боюнча кызматташуу, жүктөрдү ташуу процессин санариптештирүү, заманбап техникалык чечимдерди пайдалануу жана өнөржай кооперациясын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле жабдууларды жеткирүү, биргелешкен долбоорлорду каржылоо механизмдери жана темир жол тармагы үчүн кадрларды даярдоо боюнча маселелер каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргыз темир жолу» УК» МИси жана Беларусь темир жолдору өнөктөштүктү бекемдөө жана биргелешкен кызматташтыктын Жол картасынын үстүндө иштөөнү баштоо ниетин тастыкташты.