Экономика жана коммерция министрлиги
15 сентябрь
Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты
Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Литва Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекунас менен жолугушту.
Ведомстводон тараптардын жолугушуусу 15-сентябрда өткөндүгүн билдиришти.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары, анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору жаатындагы кызматташтык талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү максатында белгиленген багыттар боюнча ишти улантууга макулдашты.
