Салык кызматы «Манас» аэропортунда 9,6 млн сомдон ашык суммадагы зер буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда тиешелүү коштомо документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды өлкөгө алып кирүү аракетин токтотушту.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 9,6 млн сомдон ашкан 376 зер буюм аныкталган. Алардын ичинен жалпы салмагы 396 граммды түзгөн 147 алтын буюм жана жалпы салмагы 1 кг 979 грамм болгон 229 күмүш буюм бар.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой эле мыйзамдарда каралган тиешелүү укуктук жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлдү.
Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды ташууда мыйзам талаптарын сактоо жана тиешелүү коштомо документтердин болушу керектигин эскертет.
