Кыргызстан тоок жумурткасы менен ички рыногун толук камсыздайт – Айыл чарба министрлиги
сүрөт: depositphotos.com
16 сентябрь

Кыргызстан тоок жумурткасы менен ички рыногун толук камсыздайт – Айыл чарба министрлиги

Кыргызстан 2025-жылдан тарта ички рынокту тоок жумурткасы менен толук камсыздап жатат. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Аман Бакиров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин республикада бул продукциянын тартыштыгы байкалса, учурда ички рыноктун керектөөсү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн эсебинен камсыздалууда.

«2025-жылдан тарта тоок жумурткасы менен өзүбүздү толук камсыздап жатабыз. Мурдагыдай көлөмдө импортко муктаждык жок», – деди Бакиров.

Ал жумуртка социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын катарына кирерин белгиледи.

Эфирде асыл тукум чарбалардын биринин директору Канайбек Курамаев да сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Чүй облусунда жайгашкан ишкана негизинен жумуртка өндүрүүгө адистешкен.

Учурда чарбада 280 миңге жакын канаттуу багылат. Өндүрүш жарым автоматташтырылган, ишканада 117 адам эмгектенет.

Курамаевдин белгилешинче, азырынча ишкананын продукциясы ички рынокто сатылууда. Келечекте экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Анын айтымында, ички рынокто продукцияга болгон суроо-талап жогору бойдон калууда.